Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

БУУ дүйнө гуманитардык кризис алдында турганын эскертти


Сириялык качкындар
Сириялык качкындар

Бириккен Улуттар Уюму дүйнө 1945-жылдан берки эң ири гуманитардык кризистин алдында турганын жарыялады.

Уюмдун маалыматы боюнча учурда Йемен, Түштүк Судан, Сомали жана Нигериядагы 20 миллиондой адам ачарчылыкты башынан кечирүүдө.

Улуттар Уюмунун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Стивен О'Брайен “глобалдык масштабда биргелешкен чараларсыз көптөгөн адамдар ачарчылыктан өлүп жатканын” билдирди. Ошондой эле дагы көбү оорудан жапа чегип, каза болорун эскертти.

“Биз БУУ түзүлгөндөн бери эң ири гуманитардык кризиске туш болдук”,-деди Стивен О'Брайен Йемендеги абал тууралуу айтып жатып. Бул өлкөдө учурда калктын үчтөн экиси жардамга муктаж, жети миллиондон ашуун адам ачарчылыкта жашоодо.

БУУну өкүлү гуманитардык кризистин алдын алуу үчүн быйыл июль айына чейин аталган өлкөлөргө 4,4 миллиард долларлык жардам жеткирүүнү сунуштап, коопсуздукту сактоо зарылдыгын белгиледи.

Сомали, Йемен жана Түштүк Судандагы гуманитардык кырдаал акыркы жылдардагы токтобой жаткан куралдуу жаңжалдардан улам курчуп кетти.

Ал эми Нигерияда болсо радикал исламчылар жана диний негиздеги кагылыштардын айынан абал оорлошуп жатат.

Бириккен Улуттар Уюму өлкөдөгү балдардын 30 пайыздан ашыгы ачка күн кечирүүгө туш болсо абалды ачарчылык катары жарыялайт.

XS
SM
MD
LG