Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Сирияда жардыруудан 44 адам набыт кетти


Дамаск (архивдик сүрөт)
Дамаск (архивдик сүрөт)

Сириянын борбору Дамаскта эки жардыруу катталды. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматында жардыруулардан 30 адам мерт кетти. Жүздөн ашыгы жараат алды.Сириянын маалымат каражаттары каза болгондордун саны 40тан ашуун экенин жазышууда.

Азырынча жардыруу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Reuters агенттигинин жазышынча, жардырууну жанкечтилер ишке ашырган.

Алар шииттердин тарыхый жайына келип, өзүн жардырып жиберген.

Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдан бери уланууда. Өкмөттүк күчтөр оппозициянын куралчан топтору жана “Ислам мамлекети” террорчул тобу менен күрөшүп келет. АКШ башында турган бир катар өлкөлөрдөн куралган коалиция террорчул топко каршы операция жүргүзүүдө.

Былтыр декабрь айында тараптар ортосунда ок атууну токтотуу режими жарыяланган. Бирок ал келишим утур-утур бузулуп келет.

XS
SM
MD
LG