Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Нидерланд түрк министрин өлкөгө киргизген жок


Мевлют Чавушоглу
Мевлют Чавушоглу

Нидерланддын бийлиги Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглуну өлкөгө киргизүүгө тыюу салды.

Министр Роттердамда Түркиянын Баш мыйзамын өзгөртүүнү жактаган үгүт митингине катышууга камданып жаткан.

Роттердамдын мэри митингди коопсуздук чараларынан улам өткөрүүгө тыюу салган. Мындан соң дипломат түшкөн учактын конуусуна уруксат берилген жок.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бул чечимге нааразылыгын билдирип, Нидерланддын бийлигин “улутчулдуктун калдыгы менен ооруйт” деп сындады.

Марттын башында Германиянын бийликтери да түрк министрлери катышууну көздөгөн үгүт митингине уруксат берген эмес.

Ал учурда Эрдоган "Германия улутчулдук саясатты улантууда" деп айыптаган.

Түркияда апрель айында Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтөт. Анда өлкөдөгү башкаруу формасын парламенттиктен президенттикке өзгөртүү каралууда.

Оппозиция мындай өзгөртүү өлкөдөгү бийликти бир колго топтойт деп чочулап жатышат.

XS
SM
MD
LG