Линктер

дүйшөмбү, 1-май, 2017 Бишкек убактысы 09:00

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрмө бекетиндеги абал боюнча тиешелүү органдар Кытай менен сүйлөшүү өткөрөт. Бул тууралуу 11-мартта премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өткөргөн жыйында айтылды. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, жыйында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов аталган бекеттеги түзүлгөн абал боюнча маалымат берди.

Калиловдун айтымында, министрликке жүк ташыган айдоочулар кайрылып, Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы бажы пунктунда 100гө жакын жүк ташуу унаалар кире албай жатканын айтышкан. Кытай бажычылары алардын автоунааларынын чиркегичтери жана жарым чиркегичтери брезент менен жабылганы үчүн киришине тыюу салган.

Министр Кытайдан брезент менен жабылган чиркегичтерге тыюу салуу боюнча расмий билдирүү келбегенин кошумчалады.

Буга байланыштуу Транспорт жана жолдор министринин орун басарын Кытайга кырдаалды иликтөө жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Буга чейин жаралган кырдаалга нааразы болгон айдоочулар Нарында нааразылык акциясын өткөрүп, бийликтен бул маселени чечүүнү талап кылган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG