Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Коргоо кеңешин Коопсуздук кеңеши деп түзүү сунушталууда


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

“Коопсуздук кеңеши” боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында жарыяланды. Ага ылайык, учурда иштеп жаткан Коргоо кеңешин Коопсуздук кеңеши деп өзгөртүп, анын милдетине жана курамына толуктоолорду киргизүү каралган.

Аталган мыйзам долбоордун демилгечилери бул былтыр декабрда өзгөртүлгөн Баш мыйзамдын талабы экенин жана учурдагы Коргоо кеңеши өлкө алдындагы коркунучтарга толуккандуу жооп бере албасын айтышууда.

Ошондой эле курамы да өзгөртүлүп, ага Жогорку Кеңештеги бардык фракция лидерлерин эмес, көпчүлүк коалициянын лидерин жана саны боюнча көп оппозициялык фракция лидерин гана киргизүү каралган.

Мыйзам долбоору коомдук талкуудан өткөн соң парламенттин кароосуна сунушталат.

Кыргызстанда 2010-жылдагы Апрел ыңкылабынан соң Коопсуздук кеңеши жоюлуп, анын ордуна Коргоо кеңеши түзүлгөн эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG