Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Ооганстанда 30дан ашык талип согушкери жок кылынды


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстандын түштүк аймактарындагы аскерий операциянын учурунда "Талибан" кыймылынын 31 мүчөсү жок кылынды. Бул тууралуу ооган өкмөттүк күчтөрү кабарлады. Маалыматка ылайык, Гилменд провинциясындагы операцияда тогуз талип согушкери жараат алган.

Гилмендин бийликтери тараткан билдирүүгө караганда, операция аймактын борбору Лашкар-Гах шаарына жакын бир нече райондо ооган аба күчтөрүнүн жардамы менен жүргүзүлгөн. Жок кылынган талиптердин арасында кыймылдын жергиликтүү кол башчысы Молдо Аваз да бар экени кабарланды.

Ооганстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы 24 саат ичинде 51 согушкер жок кылынды.

XS
SM
MD
LG