Линктер

жекшемби, 26-март, 2017 Бишкек убактысы 23:44

Москва эки мамлекеттин ортосундагы алаканы жакшыртууга эч кандай аракет көрүлбөй жатканы үчүн АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясына нааразы.

Бул тууралуу Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 12-мартта CNN каналына берген маегинде билдирди.

Песков өткөн жылдагы шайлоо өнөктүгү маалында Трамп Москва менен тыгыз кызматташарын жар салып келгени менен, эки ортодогу диалог качан башталары белгисиз экенин айтты.

Президент Трамптын администрациясындагы бир нече адамдар Орусия менен шайлоо өнөктүгү маалында Москва менен байланышып турушкан деген маалыматтар америкалык маалымат агенттиктерине чыгып кеткен. Президенттин кеңешчиси Майкл Флинн Орусиянын Америкадагы элчиси Сергей Кисляк менен байланыштары тууралуу толук эмес маалымат бергенин моюнга алгандан кийин өткөн айда кызматынан кеткени белгилүү.

АКШнын башкы прокурору жана юстиция министри Сешнс 2016-жылкы президенттик шайлоо учурунда Орусиянын элчиси менен байланышта болгону үчүн азыр республикачыл да, демократ да мыйзамгерлердин сынына кабылууда.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG