Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Бишкекте Франкофония жумалыгы башталууда


Франциянын Кыргызстандагы элчилиги.
Франциянын Кыргызстандагы элчилиги.

Франкофония жумалыгы 17-мартка чейин болот. Жумалыктын ачылышы 13-мартта "Россия" кинотеатрында "Маргарита" тасмасын бишкектиктерге тартуулоо менен башталат. Иш-чарага Франция, Швейцария жана Бельгиянын Кыргызстандагы элчилери катышат.

15-мартта швейцариялык "Бубуль" тасмасы менен Бельгияда тартылган анимациялык "Терисинин өңү бал түстө" деп аталган фильм көрсөтүлөт.
Мындан тышкары жумалык алкагында салттуу болуп калган кулинардык ателье, француз ырларынын сынагы, театралдык жана француз виносунун кечеси жана башка маданий иш-чаралар да камтылган.

Франкофония - француз тилдүү өлкөлөрдүн маданиятына арналган фестиваль. Франкофония жыл сайын март айынын ортосунда дүйнө жүзүндө өткөрүлөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG