Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Чым-Коргондо жерге байланыштуу нааразылык чыгууда


Чүйдүн Кемин районунун Чым-Коргон айылынын жашоочулары жер маселеси чечилбей жатканына нааразы болуп бүгүн митингге чогулушту. Күбөлөрдүн айтуусунда, 300 чамалуу, милициянын эсебинде 60тай адам Кемин-Бишкек жолун тосууга аракет кылышты.

Топтолгондордун маалымдашынча, 15 гектардан ашуун жер 2007-жылы корей ишкерлерге картошканы кайра иштетүүчү завод куруу үчүн сатылган. Бирок андан бери ал жер пайдаланылбай жатат.

Район акими Улан Карагулов бул маселеде атайын комиссия түзүлгөнүн "Азаттык" радиосуна билдирди:

-Корейлер алган, бирок инвестор акча салган эмес. Жер кайра берилсин деп эл талап коюп жатат. Элдин катышуусунда комиссия түздүк. Жер качан, кандай шартта жана канча мөөнөткө берилгенин Мамлекеттик каттоо кызматынан тактайбыз.

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов абалды милиция көзөмөлдөп жатканын билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG