Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Албек Ибраимов Өмүрбек Текебаевди сотто утуп алды


Албек Ибраимов
Албек Ибраимов

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди сотто утуп алды. Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айгүл Уметова бүгүн калаа башчысынын арызын канааттандырып, Текебаев "1 миллион сом төлөп берсин" деген чечим чыгарды.

Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, сот алардын "Текебаев кайтаруучулардын коштоосунда келип, отурумга катышсын, жарыш сөзүн айтсын" деген өтүнүчтү четке какты. Андан соң Токтакунова кесиптеши Канатбек Азиз менен сот залынан чыгып кетишкен.

- Биздин катышуубуз жок эле чечим чыгарылды. Жарыш сөзгө эч ким келген жок. Эми Бишкек шаардык сотуна кайрылабыз.

Сот чечим мыйзам нормаларынын негизинде чыгарылганын, адвокаттарда депутаттын ишеним кагазы болгондуктан, Текебаевдин катышуусу шарт болбогонун билдирүүдө.

Өмүрбек Текебаев былтыр президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылына салдырып жаткан үйүнө байланыштуу маалыматтарды тараткан. Анда үй курулуп жаткан жерди жең ичинен өздөштүрүү иштерине Албек Ибраимовду айыптаган.

Ибраимов муну жалган маалымат деп депутатты сотко берген.

"Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев жемкорлукка айыпталып, 26-февралдан бери УКМКнын камагында. (SE)

XS
SM
MD
LG