Линктер

ишемби, 25-март, 2017 Бишкек убактысы 03:53

Шотландиянын биринчи министри Никола Стержендин 13-марттагы билдирүүсүнө караганда, эгемендүүлүк боюнча референдум Британия Европа Биримдигинен чыгып кеткенге чейин өткөрүлүш керек. Ага ылайык референдум 2018-жылдын соңунда же 2019-жылдын башында өтөт. Стержендин айтымында, Брексит боюнча премьер-министр Тереза Мэй менен орток пикир табуу аракети натыйжа берген жок.

“Өнөктөштүк боюнча тил табышуу мүмкүн болгон жок” деп белгиледи Стержен.

Буга байланыштуу ал келерки жумада Шотландия жана Британия парламенттерине кайрылуу жолдойт. Ал аркылуу мыйзам чегинде референдум өткөрүүгө жол ачмакчы. 2014-жылы Шотландиянын эгемендүүлүгү үчүн биринчи референдумда 55% шайлоочу каршы добуш беришкен. (AiT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG