Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Украина: демонстранттар Сбербанктын кеңсесине кол салды


Сбербанк Украина полициясына кайрылып, Киевдеги кеңсесин коргоону өтүндү. Улутчул “Азов” тобунун тарапкерлери 13-мартта нааразылык акциясын улантып, Сбербанктын Украинадагы бардык бөлүмдөрүн жабууну талап кылды. Алар Сбербанкка таандык Киев, Харьков, Одесса, Черкассы жана Чернигов шаарларындагы ондогон банкоматтарды изоляциялык көбүктөрдү чачуу менен бузушканын мойнуна алышты. 13-мартта алар Сбербанктын Киевдеги кеңсесинин алдын дубал көтөрүп тосуп салышты.

Сбербанкка каршы акциялар 7-мартта башталган. Ал күнү банк Украина чыгышындагы Орусия колдогон жикчилдер чыгарган паспортторду таанырын билдирген. Бирок кийинчерээк ал билдирүүсүн чакыртып алганы да айтылган.

Орусиянын президенти Владимир Путин Донецк жана Луганкс бийликтери чыгарган документтерди таанууну 18-февралда буйруган. (AiT)

XS
SM
MD
LG