Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:08

Авиакырсыкта жабыркагандарга чогулган акча 96 миллион cомдон ашты


Авиакырсыкта жабыркагандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан атайын банк эсебине 14-мартка карата 96 миллион 208 979 сом түштү. Акча топтоо уланууда. Эсеп төмөндө көрсөтүлгөн.

Каалоочулар сом, доллар, теңге, евро, рубль, юань жана башка валюта түрүндө каражат которсо болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каржы, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын кызматкери Динара Сарбашева топтолгон акча үчүн жооптуу. Толук маалыматты төмөндөгү телефондорго чалып алса болот: 0312 54 79 01, 0770 95 00 02.

Банк эсеби
Банк эсеби

16-январда Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына "Боинг-747-400" учагы кулап, 39 адам кайтыш болгон. Анын отуз беши айыл тургундары эле.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги апааттын чыгымы 187 миллион сомдон ашарын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG