Кыргызстандын Финансы министрлиги менен Евразия өнүктүрүү банкы 110 миллион долларлык насыя келишимине кол койду. Аталган банк акчаны Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү үчүн берет.
Макулдашууга министр Адылбек Касымалиев менен Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Дмитрий Панкин 13-мартта кол коюшканын министрликтин басма сөз катчысы Гүлмира Түгөлбаева "Азаттык" радиосуна билдирди:
-Каражат 20 жыл аралыгында берилет, анын беш жылында карызды төлөөдө жеңилдик каралган.
Насыяны алуу качан башталары макулдашууну Жогорку Кеңеш ратификация кылгандан соң аныкталат.
2015-жылы Евразия өнүктүрүү банкынан ушул эле максатта 80 миллион доллар насыяга келишим түзүлгөнү кабарланган эле.
Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты 2010-жылы ишке кирген. Экинчи агрегаттын кубаттуулугу 240 МВт түзөт. (SE)