Линктер

шейшемби, 25-апрель, 2017 Бишкек убактысы 07:24

Кыргыз хоккейчилери каражаттын айынан эл аралык мелдешке барбай калды


Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Кышкы Азия оюндарында. Жапония. Саппоро шаары. 22-февраль, 2017-ж.

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы каржы маселесинен улам “Азия чакырыгы” кубогунун топ дивизиондогу оюндарына катышпай калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" хоккей федерациясынын президенти Анварбек Оморканов билдирди. Анын айтымында, мелдешке барууга Финансы министрлигинен акча бөлүнбөй калган.

Оюндар 17-марттан 23-мартка чейин Таиландда өтөт. Байге үчүн Бириккен Араб эмирлиги, Монголия, Таиланд, Сингапур жана Малайзия курамалары таймашат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев хоккейчилердин сапары календарлык планга кирбей калгандыктан ушундай жагдай жаралганын билдирди.

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы 2016-жылы Бишкекте өткөн “Азия чакырыгы” кубогунун биринчи дивизондогу оюндарында Макао, Малайзия, Катар жана Индия командаларынын арасында жеңүүчү болуп, бир тепкич жогорулаган жана жогорку дивизиондо ойноого мүмкүнчүлүк алган.

Ага чейин биринчи дивизиондун мелдештеринде 2015-жылы коло, 2014-жылы күмүш байгелерге ээ болушкан.

Кыргызстандын хоккейчилери быйыл февралда Жапониянын Саппоро шаарында өткөн Кышкы Азия оюндарында экинчи дивизиондо ойноп, күмүш медал алышкан. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG