Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Мексика археологдору баалуу мамонт калдыгын изилдөөнү жандантты


Мамонттор. (иллюстрация)
Мамонттор. (иллюстрация)

Мексикалык археологдор өткөн жылы Тульпетек шаарынан табылган мамонттун сөөгүн изилдөөнү жандантышты. Алар бул өтө маанилүү олжо болгонун, анткени мамонт жиликтенген абалда табылганын ырасташат.

Бул Мексикада 40 миң жыл мурда адамдар жашаганын далилдөөчү фактор экенин болжошууда.

- Сөөктөр анатомиялык иретте эмес, ар башка жайгаштырылганын көрдүк. Аны анализдеп отуруп мамонтту ошо кезде аңчылар сойгон болушу ыктымал деген жыйынтыкка келсе болот, - дейт изилдөө иштерин башкарган археолог Луис Кордоба.​

Алдын ала бул мамонт 25 жыл жашаганы, тулкусу 3,5 метр бийик, беш метр узун, ал эми салмагы беш тонна болгону болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG