Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

АФК-2017: "Дордой" Тажикстандын чемпиону "Истиклолго" утулду


Оюндан бир көрүнүш.
Оюндан бир көрүнүш.

Бишкектин "Дордой" футболдук командасы менен Тажикстандын чемпиону "Истиклол" командасы 14-мартта Азия футбол конфедерация кубогунун алкагында беттешти. Кыргызстан футбол федерациясынан билдиришкендей, Тажикстандын баш калаасында болгон тайпалык этаптын биринчи турдагы оюну 2:0 эсебинде тажик футболчуларынын пайдасына аяктады.

Бул клубдар АФК-2017 кубогунун тайпалык этабында Кыргызстандын учурдагы чемпиону Оштун "Алай" жана Түркмөнстандын чемпиону "Алтын Асыр" клубу менен бирге D тобуна бөлүнүшкөн.

14-мартта өткөн биринчи турдагы оюнда "Алай" өз талаасында "Алтын Асыр" клубун кабыл алып 1:2 эсебинде жеңилди.

АФК-2017 кубогунун тайпалык этабынын оюндары 31-майга чейин уланат. 4-апрелде Бишкекте "Дордой" менен "Алай" жана Ашхабад шаарында "Алтын-Асыр" менен "Истиклол" беттешет. (ECh)

XS
SM
MD
LG