Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Милиция кызматкерин тепкен ырчыга айып пул салынды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук жана Ош шаардык сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди.

- Милиция кызматкеринин кашын жара тепти деп айыпталып жаткан ырчы Алтынай Жайнаковага Ош шаардык соту өкүм чыгарды. Жоопкер Алтынай Нематилла кызы (паспорттогу фамилиясы) КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин 1-бөлүмү (бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) менен күнөөлүү деп табылды. Ага 30 миң сом айып пул салынды,- деди Осмонкулов.

12-январда кызуу абалда машина айдап бараткан, өзүн ырчы, теле алып баруучу деп тааныштырган Алтынай Жайнакованы Ош шаардык патрулдук милиция кызматкерлери токтоткон. Жергиликтүү телеканалдардын бири тарткан тасмада көрсөтүлгөндөй, Жайнакова наркологиялык текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткан. Милиция аны күчкө салып алып кетмей болгондо тартип сакчыларынын бирин унаа ичинен бетке тепкен. Бул окуядан кийин Жайнакова кармалып, бир күндөн кийин үй камагына чыгарылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG