Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Азамат Арапбаев айрым журналисттерди жоопко тартууну сунуштады


Депутат Азамат Арапбаев (солдо).
Депутат Азамат Арапбаев (солдо).

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев айрым жалпыга маалымдоо каражаттары мамлекеттин коопсуздугуна доо кетирип жатканын билдирди. Эл өкүлү акыркы кездери айрым журналисттер сөз эркиндигине жамынып, президенттин аброюна шек келтирген кабарларды таратып жатканын сындады. Арапбаев мамлекет башчынын ишмердиги жөнүндө мыйзамга, президенттин кол тийбестиги тууралуу документке таянып, журналисттерди жоопко тартууну сунуштады:

-Ошол айрым жалпыга маалымдоо каражаттары мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирип жатышат. Бизде атайын кызмат бар, алар айрым жалпыга маалымат каражатын тартипке чакырып, керек болсо жоопко тартышсын.

Арапбаевдин кесиптеши Аскар Шадиев да кээ бир журналисттерди тартипке чакыруу маселесин көтөрдү.

Депутаттардын бул пикирине "Ата Мекен" фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов каршы чыгып, сынчыл көз караштагы журналисттерди гана тескебей, өкмөттүк басылмалар, телевидение-радиолор оппозициядагыларды негизсиз каралап жатканын мисал келтирди. (SE)

XS
SM
MD
LG