Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Нидерландда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Премьер-министр Марк Рутте добуш берүү учурунда. Гаага, 15-март, 2017-жыл.
Премьер-министр Марк Рутте добуш берүү учурунда. Гаага, 15-март, 2017-жыл.

Түркия менен талаш-тартыш чыккан учурга туш келген бүгүнкү шайлоо өлкөдөгү анти-иммигранттык жана улутчул маанайдын индикатору катары каралууда.

Парламенттеги 150 орун үчүн учурдагы премьер-министр Марк Руттенин партиясы жана анти-исламчыл, ашынган улутчул саясатчы Герт Вилдерстин партиясы атаандашууда.

Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары Руттенин партиясы Вилдерстикинен үч пайыз алдыда экенин көргөзүүдө, бирок аларда Анкара менен мамиледеги соңку чыңалуу эске алынган эмес.

Өткөн дем алыш күндөрү Нидерланд өкмөтү Түркиянын министрлеринин алардын аймагында үгүт өнөктүгүн жүргүзүүсүнө тыюу салган болчу.

Түрк өкмөтүнүн өкүлдөрү президент Режеп Тайып Эрдогандын бийлик укуктарын кеңейтүүчү референдумду колдоого Нидерланддагы түрк жарандарын үндөмөк.

Эрдоган өз тарабынан Нидерланд бийликтеринин “нацисттерче” аракеттенди деп айыптап, өз кезегинде буга премьер Рутте да ачуулануу менен жооп кайтарды.

Түркия менен талаш алгачкы белгилерине караганда, шайлоо алдында өкмөт башчы Руттеге да, анын атаандашы Вилдерске да жардам берди. (UE)

XS
SM
MD
LG