Линктер

дүйшөмбү, 1-май, 2017 Бишкек убактысы 09:00

Жаңы курамдын тизмесин Коомдук кеңештерди тандоо комиссиясы өзүнүн сайтына жарыялады. Ага Коомдук кеңештин мурдагы мүчөсү, укук коргоочу Азиза Абдурасулова илинген эмес. Абдурасулова муну өзүнүн укук коргоочулук ишине байланыштырды:

- Мен муну №1 тергөө абагында жаткан Максат Кунакунов тууралуу маалыматтарыма байлап жатамын. Менин талапкерлигим жаза аткаруучу кызматы үчүн жагымсыз болуп калгандай. Башка себебин көрө албадым. Анткени, бардык тиешелүү документтерди тиркеп, арызымды комиссияга жибергем. Мага эч кандай жооп келген жок.

Укук коргоочу Азиза Абдурасулова жетектеген "Кылым шамы" бейөкмөт уюму жабык жайлардагы адам укугунун корголушун көзөмөлдөйт. Аталган уюмдун юристтери УКМКнын тергөө абагында террорчулук үчүн айыпталып камалган бир нече кишинин кыйноого учураганын Акыйкатчы институту менен чогуу маалымдап чыгышкан. Кийинчерээк УКМК кыйноолор тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоочу комиссия 15-мартта дагы беш мамлекеттик органдын Коомдук кеңештеринин жаңы курамын аныктап, тизмесин жарыялады.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG