Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

БУУ: Украина чыгышында он миңдей адамдын өмүрү кыйылды


Авдеевка шаарчасындагы турак үйлөрдүн биринин көрүнүшү. Февраль, 2017-жыл.
Авдеевка шаарчасындагы турак үйлөрдүн биринин көрүнүшү. Февраль, 2017-жыл.

Мындай маалыматты 15-мартта Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын кеңсеси жарыялады.

Алардын баяндамасында көргөзүлгөндөй, Украинанын чыгышында эң консервативдүү эсептер боюнча “2014-жылдын апрель айынын ортосунан 2017-жылдын 12-мартына чейин 9940 адам мерт болуп, 23 455 киши жаракат алган”.

Бул маалымат "Украинанын аскер күчтөрүн, жайкын тургундарды, куралдуу топтордун мүчөлөрүн да камтыйт”.

Аймактагы куралдуу кагылыштан өмүрү кыйылган жайкын тургундардын саны 2000ден ашса, жаракат алгандары 7000-9000дин ортосунда. (UE)

XS
SM
MD
LG