Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Би-би-си академиясы журналистикага арналган кыргызча сайт ачты


ВВС корпорациясынын башкы кеңсеси.
ВВС корпорациясынын башкы кеңсеси.

Би-би-си академиясы журналистика жана тил үйрөтүүгө арналган маалымат ресурсун кыргыз тилинде акысыз чыгара баштады

Анын кыргыз тилиндеги биринчи жаңы ийкемдүү баракчасы Би-би-синин журналисттик өнүккөн тажрыйбасына арналган. Анын ичинде редакциялык эрежелер, кыргыз тилин колдонуу, журналисттик чеберчилик ыкмалары жазылган. Бул тууралуу радионун кыргыз редакциясы тараткан маалыматта айтылат.

- Би-би-си академиясынын кыргыз тилдүү сайты так жана калыс тилге баш ийүү менен, Би-би-синин Кыргызстандагы кабарчылары үчүн эң маанилүү ресурс. Мындан тышкары, бул кайсы жерде болбосун кыргыз тилдүү башка журналисттер үчүн да эң пайдалуу каражат болуп кала берет, - дейт Би-би-си Кыргыз кызматынын башкы продюсери Гүлнара Касмамбетова.

Маалыматта айтылгандай, бул жаңы интернет баракча үч негизги категориядан турат: тил үйрөтүү, көнүмүш жана стандарттар. Булар Би-би-синин редакциялык стандарттары жана негизги баалуулуктары. Журналисттер бул сайттан маалыматтарды бейтарап чагылдыруу стандарттарын сактаган тил каражаттарын таба алышат.

Сайтта мындан тышкары мультимедиалык кеңири спектр камтылган. Анда ошондой эле презентация кылуу, жаңылыкты баяндап жазуу жана социалдык түйүндөр менен иштөөнүн көзүн табууга да үйрөнүүгө болот.

Кыргыз тилиндеги жаңы колдонмо Би-би-си академиясынын 23 тилдеги эл аралык сайтынын бир бөлүгү болуп саналат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG