Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Сот "Ата Мекен" партиясынын өкүлүнүн мүлктөрүн камакка алды


Бишкектин Октябрь райондук соту "Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунованын жети мүлкүн камакка алуу боюнча аныктама чыгарды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна юрист өзү билдирди. Аныктамага ылайык, үч машине, эки үй жана эки жер тилкеси камакка алынган. Юристке бул тууралуу маалымат бүгүн берилген. Партиянын дагы бир юристи Канатбек Азизге мындай чара колдонулган эмес.

- Муну арызды камсыздоо деп коёт. Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтирди деп бизге 10 миллион сом доо коюлуп жатпайбы. Эгер аны сот канааттандырса, ушул мүлктөр сатыкка коюп, төлөнөт, - деди Токтакунова.

Анын мүлктөрү камакка алынганын Бишкектин Октябрь райондук сотунан да ырасташты.

Партиянын юристтери лидер Өмүрбек Текебаевдин маалыматына таянып, 16-январда Бишкектин четине кулаган учактагы жүктөр президентке жана жубайына таандык экени тууралуу журналисттерге маалымат таратышкан. Президенттик аппарат муну четке каккан. Башкы прокуратура "мамлекет башчынын абройуна шек келтирди" деген негизде маалымат берген юристтер Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизди сотко берген. Прокуратура бул кадамын мыйзамдуу деп сыпаттаган. (SE)

XS
SM
MD
LG