Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Түркия миграция боюнча ЕБ менен түзүлгөн келишимден чыгышы мүмкүн


Мындай билдирүүнү 15-мартта Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жасады. Түркия менен Европа Биримдигинин миграциялык келишими мигрант жана качкындардын евроаймакка агылышына чек койгон. Европа Биримдиги мигранттар кризисине учурап турган мезгилде Түркия жана Европа Биримдиги өткөн жылы мигранттар боюнча келишимге жетишкен.

Анда Түркия мыйзамсыз мигранттардын Грецияга өтүшүнө жол бербөө милдетин алса, Европа Биримдиги Түркия жарандарынын Европага визасыз каттоосуна уруксат берүүгө жана Түркиядагы качкындарга алты млрд евро бөлүүгө макул болгон. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу "Канал 24" маалымат каражатына берген маегинде Түркия келишимди учурда кайра карап жатканын, эгерде Европа Биримдиги өз милдеттерин аткарбаса, келишим жокко чыгарыларын билдирди. “Биз аны бир тараптуу түрдө токтотуп кое алабыз. Баары биздин колубузда” деген Чавушоглу. Ал Биримдик өз милдетин аткарбаганын, визасыз режим киргизилбегенин белгилеген. (AiT)

XS
SM
MD
LG