Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:55

Бишкекте жана Ошто көк бөрү боюнча оюндар өтүп жатат


Нооруз майрамына карата Бишкекте жана Ошто көк бөрү боюнча мелдештер өтүп жатат.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынан билдиришкендей, таймаштар 15-мартта башталган.

Бишкектеги Ак-Кула ат майданында Талас, Чүй жана Ош облустарынан жалпысынан 12 команда күч сынашууда. Ош облусунун Төлөйкөн айылындагы ат майданда Ош жана Жалал-Абад облустарынан 10 команда улак тартып жатышат. Финалдык таймаштар 21-мартта болот.

Көк бөрү мелдештеринен сырткары, Ош шаарында эр эңиш жана салбуурун боюнча, Бишкекте эр эңиш боюнча тандоо оюндары өтүп жатат. Жеңүүчүлөр Нооруз майрамында аныкталат. Бул күнү эки шаарда тең ат чабыштын тогуз жүрүнөн жарыштар өтөт.

Мелдештерди Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция өткөрүп жатат. Ага 3 миллион 750 миң сом бөлүнгөн. (ECh)

XS
SM
MD
LG