Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Аңчылыкка каршы мыйзам колдоо тапкан жок


Жогорку Кеңеш анчылыкка тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун колдогон жок. 2030-жылга чейин аңчылыкка мораторий киргизүү максатындагы документ парламенттин 16-марттагы жалпы жыйынында биринчи окууда каралды.

Демилгечи депутаттар мыйзамды жапайы жаныбарларды сактап калуу, көбөйтүү максатында сунушташкан. Анда тоо эчкилерин, аркар-кулжаларды жана маралдарды атууга убактылуу мораторий киргизүү маселеси көтөрүлгөн.

Бул мыйзам долбоору өткөн жумада парламенттин талкуусуна коюлуп, талаш-тартыш жараткан. Аны кабыл алууга өкмөт жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги менен парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология комитети каршы чыккан. Алар бул мыйзам кабыл алынса, мамлекеттик бюджет аңчылыкка берилүүчү лицензиядан түшүүчү акчадан кур-жалак каларын белгилешкен. (SE)

XS
SM
MD
LG