Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Хейли: Вашингтон Орусияга эч качан ишенбеши керек


АКШнын БУУдагы өкүлү Никки Хейли.
АКШнын БУУдагы өкүлү Никки Хейли.

Мындай пикирин АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли 16-мартта билдирди. Америкалык NBC телеканалына Трамптын Орусияга карата саясаты жөнүндө суроого жооп берип жатып, Хейли:

-Буга олуттуу караш керек. Биз эч качан Орусияга ишенбешибиз керек,- деп билдирди. Хейли Москвага туура жооп берүү үчүн АКШга бардык фактылар зарылдыгын кошумчалады.

16-мартта АКШнын мамлекеттик департаменти 2014-жылы Орусиянын Крымды аннексиялап алганын кескин сынга алды. Акыркы убактарда Орусиянын АКШдагы шайлоого Дональд Трамптын жеңишин камсыздоо үчүн кийлигишкени ыктымалдыгы тууралуу көп айтылууда. Кремль бул айыптоону четке кагып келет.

Республикачылардын жана демократтардын өкүлдөрү АКШ бийлигинин Орусияга жумшак мамилеси Москвага Украинадагы экспансиясын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет деп кабатыр болушкан.

XS
SM
MD
LG