Линктер

ишемби, 25-март, 2017 Бишкек убактысы 03:48

Аксы: эскерүүдө укук коргоочуга сөз берилген жок


Турсунбек Акун Боспиектеги эстелик жанында, 17.03.2017.

Турсунбек Акун Боспиектеги эстелик жанында, 17.03.2017.

Боспиек айылындагы Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында оппозиция өкүлдөрүнүн чыгып сүйлөшүнө уруксат берилген жок. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, укук коргоочу Турсунбек Акун президенттик аппарат жетекчиси Сапар Исаков, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдон кийин сүйлөөгө аракеттенип, бирок күч кызматкерлери аны микрофонго жолотподу. Турсунбек Акун буга нааразылык билдирди.

Аксыга Бишкектен "Сөз эркиндигин коргоо комитетинин" өкүлү Равшан Жээнбеков, парламент депутаты Каныбек Иманалиев, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев барган.

Эскерүүдө Сапар Исаков президенттин кайрылуусун окуп берди. Жээнбеков жана жабырлануучулардан Максат Момункулов сүйлөгөндөн кийин өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев келгендерге, бийликке ыраазылык билдирүү менен иш-чараны жабык деп жарыялады. Калган сөз сый-тамак үстүндө айтыларын белгиледи. Андан соң маркумдарга багышталып куран окулду.

Жабырлануучу Максат Момункулов премьер-министрге кайрылып, өз алдынча кабыл алууну суранды. Жээнбеков жабырлануучулар менен райондук акимчиликте жолукмай болду. (NT/RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG