Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Ак-Сайда камалган малчылардын абалы белгисиз


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Нарындын Ат-Башы районундагы Ак-Сай кыштоосундагы 147 түтүн менен байланышууга дале мүмкүнчүлүк боло элек.

Бул тууралуу кыштоого бараткан Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты Улан Ыбышов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, малчылардын абалынан кабар алуу үчүн ДЭУ ишканасынын техникасы менен Ак-Сайга жөнөгөн жергиликтүү тургундар беш күндөн бери жолдо турушат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана облустук бийликтен суралган жардамдан азырынча майнап чыга элек.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү абал көзөмөлдө экенин, жол тазалоо иштери бороондон улам жүрбөй жатканын, тазалоо жумуштары башталарын маалымдады.

Катаал аба ырайы жана калың кардан улам кыштоого алып баруучу Торугарт жана Кында ашуу жолдору эки аптадан бери жабык. Ат-Башы районуна "өзгөчө кырдаал" режими киргизилген. (NT)

XS
SM
MD
LG