Линктер

ишемби, 25-март, 2017 Бишкек убактысы 03:54

Аксы окуясында жабыркагандарга акча бөлүндү


Боспиекте курман болгондорду эскерүү, 17.03.2017

Боспиекте курман болгондорду эскерүү, 17.03.2017

Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Аксы окуясында курман болгондордун туугандарына жана жабыр тарткандарга материалдык жардам берилет.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, окуяда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан 33 адамга 40 миң сомдон бөлүндү.

2002-жылы 17-мартта Аксы районунда кыргыз жеринин бүтүндүгү, акыйкаттык үчүн, үй-бүлөлүк, тоталитардык башкарууга каршы жөө жүрүшкө чыгышкан элге Боспиек айылында бийлик ок атып, алты киши каза тапкан. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG