Линктер

бейшемби, 30-март, 2017 Бишкек убактысы 08:44

АКШ президенти Дональд Трамптын Мамлекеттик департаменттин чыгымдарын жана сырткы жардамды кыскартуу сунушу сынга кабылды. Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерреш каржыны кыскартуу уюмдагы узак мөөнөттүк реформаларды үзгүлтүккө учуратарын белгиледи. БУУнун тынчтыкты сактоо операцияларына сарпталган каражаттын 28 пайызын же дээрлик 7,9 миллиард долларын Америка берет. Трамп бул каражатты үч пайызга кыскартабыз деп билдирген.

Франциянын БУУдагы элчиси Франсуа Делатр азыр уюм мурдагыдан да күчтүү болушу керектигин айтып, глобалдык маселелерди көз жаздымда калтыруу дүйнөлүк туруксуздукка жол ачарын эскертти. Бирок АКШ Улуттар уюму ашыкча чыгымга жол берип жатканын, бул жагдай Америкага каржылык жактан күч келтирип жатканын билдирүүдө.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG