Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Сот чечимдерин ачык жарыялоо маселеси талкууланды


Сот отуруму.
Сот отуруму.

Кыргызстанда сот реформасына арналган долбоор ишке ашууда. Аны Жогорку сот менен “ Өнүгүү үчүн укук" эл аралык уюму ишке ашырууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Жогорку сотто өткөн талкууда айтылды.

Анда “Сот чечимдерин ачык жарыялоо” жана “Маалыматтарга жетүү" мыйзамынын талаптарын аткарбаган соттор кандай жоопкерчиликке тартылары ортого салынды. Мыйзамга ылайык, соттук ченемдер, аныктамалар жана соттор чыгарган чечимдер менен өкүмдөрдү толук www.sot.kg сайтына жарыялоонун жолдору талкууланды.

Ошондой эле коомчулуктун маалымат алуу укугун бузуп, чыгарган өкүмдөрүн сайтка жайгаштырбаган сотторго чара көрүү маселеси козголду.

Өлкөдө сот реформасы алты жыл мурун башталган. Бирок коомчулукта андан майнап чыкпай жатат деген сын-пикирлер айтылып келет.(KJ)

XS
SM
MD
LG