Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:02

Парижде жарылган катка салынган бомба Грециядан жөнөтүлгөн


Эл аралык валюта корунун Париждеги кеңсесинин жанында,16.03. 2017
Эл аралык валюта корунун Париждеги кеңсесинин жанында,16.03. 2017

Грек бийлиги Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Париждеги кеңсесинде 16-мартта жарылган катка салынган бомба Грециядан жөнөтүлгөнүн тастыкташты.

Валюта фондунун кызматкери катты ачып жатканда анын ичиндеги жабдык жарылып кеткен. Натыйжада ал кызматкер жеңил жаракат алып, кеңседегилер эвакуацияланган. Грециянын тартип коргоо министри Никос Тоскас ал катты белгисиз адамдар оппозициядагы грек депутаты Василис Кикилиастын атынан жөнөтүшкөнүн айтты. Париждеги иликтөөчүлөр да катта грек мөөрү бар экенин ырасташты.

- Бир адам жаракат алып ооруканага түштү. Кайрадан айткым келет, Эл аралык валюта фонду жана башка эл аралык коомчулук коркоктордун бул зомбулугун айыптайт. Бул окуя биздин элге көрсөтүп жаткан кызматыбызды үзгүлтүккө учуратпашы керек,- деди Эл аралык валюта корунун директору Кристин Лагард.

15-мартта Грециядагы анархисттердин тобу Германиянын каржы министрлигине да катка катылган бомба жөнөткөнүн билдиришкен. Ал окуяда эч ким жабыркаган эмес. Француз президенти Франсуа Олланд бул эки окуянын ортосунда окшоштук бар деп белгиледи. Каржылык каатчылыктан улам Греция эл аралык уюмдардан ири өлчөмдө карыз алганы белгилүү.

XS
SM
MD
LG