Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

Ангела Меркел АКШга сапар алууда


Дональд Трамп жана Ангела Меркел.
Дональд Трамп жана Ангела Меркел.

Германиянын канцлери Ангела Меркел жума күнү АКШ президенти Дональд Трамп менен Вашингтондо жолукканы турат. Бул немис канцлери менен Американын жаңы президентинин биринчи жолугушуусу болуп калмакчы.

Меркель айым Трамп менен коопсуздук, экономика маселелери жана эл аралык кызматташтыктын келечеги тууралуу сүйлөшөрүн билдирген. Мындан тышкары НАТО уюмунун келечеги жана Украинанын чыгышындагы кырдаал да күн тартибинде болот деп кабарланган.

Немис канцлеринин 14-мартка белгиленген Вашингтон сапары АКШдагы катуу бороондон улам апта аягына жылдырылган эле. Дональд Трамп буга чейин бир нече жолу Ангела Меркелдин миграция саясатын сынга алган. Меркел өз кезегинде Трамптын мусулман өлкөлөрдүн жарандарын АКШга киргизбөө чечимине каршылыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG