Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

Александр Кимди камоо тууралуу маалымат расмий бышыктала элек


Александр Ким
Александр Ким

"Вечерний Бишкек" жабык акционердик коомунун мурдагы ээси Александр Кимдин үйүнө өздөрүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлерибиз деп тааныштырган жети киши келгени кабарланды. Бул тууралуу анын небереси Елена Воронина "Азаттык" радиосуна билдирип, алар кечки саат алтылардан кийин келгенин айтты:

- Келгендер анын шарттуу камакта экенин, ага каршы кылмыш иши ачылганын айтышты. Чынында эч кандай шарттуу камак же кылмыш иши жок. Алар аны суракка алып кетүү ниетин билдиришти.

Маалыматка караганда Александр Ким азыр өз үйүндө адвокатын күтүп жатат.

Бул маалымат боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Александр Кимдин үйүнө келгендердин аты-жөнү дагы азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG