Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

ЕБ Крым аннексиясынын үч жылдыгын утурлай билдирүү таратты


Евробиримдик тышкы иштер министри Федерика Могерини Крымдын аннексиясынын үч жылдыгына карата Орусияны айыптаган билдирүү таратты. Анда Москванын бул кадамы эл аралык коопсуздукка кедергисин тийгизет деп мүнөздөлгөн.

“Европа Биримдиги Украинанын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө болгон колдоосун уланта берет”,-деп айтылат билдирүүдө.

Крымдын аннексиясын Бириккен Улуттар Уюмуна кирген жүздөн ашык өлкө айыптап чыккан. Евробиримдик менен АКШ Орусияга каршы санкцияларды киргизген.

2014-жылдын 18-мартындагы Крымдын аннексиясынан кийин Украинанын чыгышында Орусия колдогон жикчилдер менен украин армиясынын ортосунда жаңжал тутанып, андан бери он миңдей адам куралдуу жаңжалдардан мерт болду.

Орусия Крым эли референдум аркылуу өз чечимин чыгарганын, Украинанын чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөтпөгөнүн билдирип келет.

XS
SM
MD
LG