Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Жөө жүрүшчүлөргө сот жолду жабууга тыюу салды


Жөө жүрүш катышуучулары
Жөө жүрүш катышуучулары

“Саясий укуктар жана сөз эркиндиги” үчүн тынчтык жүрүштүн катышуучуларына маршты негизги жолдо өткөрүүгө тыюу салынды.

Бул тууралуу жүрүштүн катышуучуларына шаардык милициядан келип, сот маршты жөө жүргүнчүлөр басуучу тратуарда өткөрүүгө гана уруксат берген.

Жөө жүрүштүн уюштуруучулардын бири Эдил Байсалов соттун чечимине нааразылыгын билдирип, “Саясий укуктар жана сөз эркиндиги” үчүн тынчтык жүрүш негизги автоунаалар каттоочу жолдо өтмөктүгүн билдирди.

Ал эми жүрүшкө катышып жаткан КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаев, жөө жүрүш негизги жолдо өтпөгөнүн кубаттоого алып, мындай учурда шаардыктар үчүн ыңгайсыздык жаралмагын “Азаттыкка” айтты.

Жүрүштө саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн ураандар ташталууда. Жөө жүрүшкө чыккандарды милиция кызматкерлери коштоп баратат. (SDz)

XS
SM
MD
LG