Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Сөз эркиндигин талап кылган жүрүштө кармалгандар беш күнгө камалды


Жүрүш маалы. Бишкек ш., 18.3.2017.
Жүрүш маалы. Бишкек ш., 18.3.2017.

Кыргызстандын борборунда ишембиде сөз эркиндигин талап кылган жүрүштө кармалгандар беш күнгө камалды

Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчынын орун басары Эрлан Алимбаев билдирди. Анын айтуусунда, Бишкектин Свердлов райондук соту бүгүнкү жөө жүрүш учурунда кармалган активисттер Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза, Расул Умбеталиев, Азамат Аттокуров жана Мухит аттуу жаранды убактылуу кармоочу жайга беш күн-түнгө камоо чечимин чыгарды.

- Кармалгандарга Административдик кодекстин үч беренеси боюнча айып коюлду. Тактап айтсак, “жолду тосуу”, “бейбашчылык”, “милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбагандыгы” деп үч берене боюнча сот чечим чыгарды. Биз алар менен барып жолуктук, мындан ары жагдайга Акыйкатчы институту көзөмөл салып турат.

Эрлан Алимбаев кошумчалагандай, учурда убактылуу кармоо жайындагылар менен жакындары барып жолугуп, тамак-аш жеткирип келишти. Ал эми адвокаттар сот чечимине доо арыз менен кайрылганы жатышат.

Бүгүн Бишкектин чордонунда өлкөдөгү “саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн” тынчтык жүрүшү болуп, иш-чарага коомдук ишмерлер, оппозиция, журналисттер жана жарандар катышты. Жөө жүрүш Бишкектеги Жеңиш багынан башталып, Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында аяктады. Иш-чара учурунда милиция жүрүшкө катышкандардын айрымдарын кармап кеткен. (SDz)

XS
SM
MD
LG