Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Москва бийлиги Навальныйга митинг өткөрүүгө тыюу салды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Оппозиция лидери Алексей Навальныйдын бүгүнкүгө пландалган коррупцияга каршы митингине Москва бийлиги уруксат берген жок. Навальный өзүнүн сайтына жайгаштырган билдирүүдө Москванын бийлиги өз катында саясий акция шаар тургундарынын укугун бузуп, жол коопсуздугуна тоскоолдук жаратарын айткан. Москванын аймактык коопсуздук жана коррупцияга каршы аракеттенүү департаментинин башчысы Владимир Черников мэрия митингге тыюу салган өз чечиминен баш тартпасын билдирди.

Москванын башкы көчөлөрүнүн биринде бүгүн митинг өткөрүү үчүн уруксатты Навальный 14-мартта алган. Ага болжол менен 15 миңдей киши катышмак жана марш Кремлдин алдында аяктамак. Ушундай эле маршты Орусиянын бир катар шаарларында да өткөрүү пландалган.

Черников митингдин уюштуруучулары саясий иш-чараны коопсуздук эрежелерине ылайык өткөрүүнү өз учурунда камсыздай албаганын айтты. Навальный митингди өткөрүүгө башка орун сунушталбаганын айтып, Москва бийлигинин аракетин мыйзамсыз деп баалады.

Алексей Навальный коррупцияга каршы күрөшкөн белгилүү активист жана президент Владимир Путиндин башкы сынчысы. Ал декабрь айында 2018-жылы боло турган президенттик шайлоого катышаарын билдирген. Бул шайлоодо Владимир Путин төртүнчү мөөнөткө талапкерлигин койору божомолдонуп жатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG