Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Бишкекте "Сүмөлөк-2017" фестивалы өтүп жатат


Нооруз майрамына карата бүгүн Бишкектеги “Супара” этнокомплексинде "Сүмөлөк-2017" фестивалы уюштурулду. Аны өткөрүп жаткан "Кыргыз тилектештиги" коомдук бирикмесинин теңтөрайымы Элнура Кулуева "Азаттык" радиосуна билдиргендей, майрамдык иш-чара үчүн 41 кой союлуп, 41 казанга сүмөлөк кайнатылууда:

- Сүмөлөк фестивалында казандар кайнап, токочтор бышып, баталар тиленди. Кырк уруудан өкүлдөр келди. Андан тышкары Тажикстандан, Өзбекстандан этникалык кыргыздар, Казакстандан коноктор келишти.

Маалыматка караганда, төрт миң литр сүмөлөк, миң килограмм эт 21-март - Нооруз күнү элге таратылат.

Сүмөлөк кайнатуу салтанатына каалагандар күбө болуп, оюн-зоокко катышып, көңүл ачып кетсе болот.

Фестивалда сүмөлөктөн башка кыргыздын улуттук тамак-аштары да жасалууда. Ошондой эле кыргыздын ыр-күүлөрү жаңырып, түрдүү улуттук оюндар өтүүдө.

Сүмөлөк майрамы Бишкекте былтыр да уюштурулуп, 11 казанда бышырылган. (SE)

XS
SM
MD
LG