Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Бишкектеги орус дипломатынын соту Орусияда болот


Владимир Пухов (оңдо)
Владимир Пухов (оңдо)

Бул тууралуу 20-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги өзүнүн сайтына жарыялады. Маалыматка караганда, Бишкекте 16-февралда орус дипломаты катышкан автокырсыктын себептерин иликтеп жатат. Анда ошондой эле кырсыктан каза тапкан кыргызстандык жарандын үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү маселеси да каралууда.

Элчилик тергөө иштери аяктагандан кийин "иш Орусиянын сотуна автокырсыктын экинчи катышуучусунун күнөөсүн аныктоо жана ага тиешелүү жаза аныктоо үчүн" өткөрүлүп берилет деп билдирди.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Дарья Пахомова соттук териштирүү качан башталарынан кабарсыз экенин маалымдады.

16-февраль күнү Бишкектеги Фучик жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде орус дипломаты Виктор Пухов башкарган “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү жолтандабас катуу ылдамдыкта кызылдан өтүп, “Мерседес-Спринтер” жүк ташуучу автоунаасын сүзгөн. Андан жүк ташуучу машиненин айдоочусу, 62 жаштагы кыргызстандык Евгений Лексин каза тапкан.

Элчилик алгач анын үй-бүлөсүнө жардам берилип жатат деген маалымат таратып, бирок жакынын жоготкондор муну четке кагып, милицияга арыз жазышкан. Ал арада айдоочу-дипломат ошол кезде мас болгонун Бишкектеги Медициналык-консультативдик жана спорттук медицина борборунун дарыгерлери айтып чыгышты. Көп өтпөй дипломат Пухов Кыргызстандан чыгып кеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG