Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

Крымдык журналисттин соту 3-апрелде уланат


Крымдык журналист Микола Семенанын соту 3-апрелде уланат. Бүгүн башталган сотто адвокаттар процесстин ачык өтүшүн, кенен бөлмө берилишин талап кылышты.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу менен кызматташкан журналист, "Крым.Реалии" долбоорунун авторлорунун бири жарым аралдын Москва тарабынан аннексияланышын сындаган макаласы үчүн сот жообуна тартылууда. Семена Орусия Федерациясынын аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырган деп айыпталууда. Прокуратура Семена жарым аралдын украин тараптан блокадасы жөнүндөгү макалаларында Орусиянын мыйзамдарын бузган деп эсептейт. Күнөөлүү деп табылса, 66 жаштагы журналист беш жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.

Дооматтарды четке каккан Семена Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырбаганын айтып, “Крымдын статусу талаш жаратат” деди.

ФСБдеги суракта Семена өз материалдарында “ой-пикирлерин эркин билдирүү укугунан” пайдаланганын айтып келди. Журналистке каршы иш өткөн жылдын жазында козголуп, ага Крымдан чыгууга тыюу салынган.

Өткөн аптада АКШ Орусия бийликтерин Семенага каршы айыптоолорду алып салууга жана бошотууга, саясий себептерден улам кармалган башка украиналыктарды да эркиндикке чыгарууга үндөгөн.

Европа парламенти да Москваны журналистти, камактагы же эркиндиктери чектелген 30дан көп украин жаранын бошотууга чакырган резолюцияны кабыл алган.

Семена "Эркин Европа/Азаттык" радиосундагы журналисттик ишмердиги үчүн куугунтукталууда, - деп айтылат аткарууга милдеттүү эмес резолюцияда.

Орусия Крымды басып алууну ал жактагы этникалык орустарды жана калган тургундарды Украинанын батышчыл бийликтеринен коргоо чарасы деп сыпаттап келет.

XS
SM
MD
LG