Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

ФБР: Орусия АКШ саясатына дагы кийлигишүүсү ыктымал


АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун директору Жеймс Коми Орусия тараптан АКШ саясатына дагы кийлигишүүлөр күтүлүп жатканын маалымдады. Анын сөзү боюнча жаңы кийлигишүүлөр 2018-2020-жылдары болушу мүмкүн.

Бул тууралуу ФБРдин башчысы 20-мартта Конгресстин Чалгын комитетиндеги угуулар учурунда билдирди. Коми Орусиянын өткөн жылкы президенттик шайлоого кийлигишүүсү адаттан тыш катуу мүнөздө болгонун, орустар кийлигишип жатканын ачык көрсөтүүгө аракеттенгендей таасир калтырганын айтып кетти.

ФБР башчысынын пикиринде, орус тарап Хиллари Клинтонго президенттик шайлоонун алдында зыян келтиргиси келген. Ошол эле учурда Коми Орусиянын негизги максаты - АКШдагы демократиялык жараянды бузуу болгонун да кошумчалады.

ФБР башчысынын айтымында, Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү боюнча иликтөө иштери өткөн жылдын июль айынан башталган:

- Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишкени гана эмес, Дональд Трамптын шайлоо кампаниясынын кызматкерлери менен орусиялык өкүлдөрдүн байланыштары да иликтенүүдө.

Коми булар ким экенин так айткан жок.

Угуу учурунда ФБР башчысы Жеймс Коми да, Улуттук коопсуздук агенттигинин жетекчиси Майкл Рожерс да Орусия АКШнын каршылашы экенин билдиришти. Булар экөө тең президент Дональд Трамптын мурунку президент Барак Обаманын администрациясы Манхэттендеги шайлоо штабын тыңшоого алганы тууралуу маалымат ырасталбаганын айтышты.

XS
SM
MD
LG