Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Мектеп окуучуларынын театралдык фестивалы өтүүдө


Бишкекте мектеп окуучуларынын республикалык экинчи театралдык фестивалы башталды. Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын сахнасында өтүп жаткан бул маданий иш-чаранын расмий ачылышы бүгүн болуп өттү.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, фестивалга ар бир облустан окуучулар келип катышууда. Көрүүчүлөрдүн назарына белгилүү кыргыз жазуучуларынын драмалык чыгармалары боюнча коюлган спектаклдер мектеп жана лицей окуучуларынын аткаруусунда сунуш кылынат.

Мектеп окуучуларынын биринчи театралдык фестивалы 2016-жылдын март айында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драмтеатрында өткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG