Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:39

"Ата Мекен" партиясы Конституциялык палатага кайрылды


"Ата Мекен" партиясынын жактоочулары. 27-февраль, 2017-жыл
"Ата Мекен" партиясынын жактоочулары. 27-февраль, 2017-жыл

Партиянын юристтери Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз Конституциялык палатадан "Президенттин ишмердигине кепилдик тууралуу" мыйзамдын 4-беренеси Баш мыйзамдын 104-беренесине каршы келерин таануусун өтүнүүдө. Алар Башкы прокуратура "Президенттин ишмердигине кепилдик тууралуу" мыйзамга таянып, "Ата Мекен" партиясынын юристтерин, бир катар маалымат каражаттарын "президенттин ар-намысына жана абийирине шек келтирди" деген жүйө менен сотко бергени алардын ыйгарым укугуна жатпайт деп эсептешет. Юрист Канатбек Азиздин "Азаттык" радиосуна түшүндүрүп бергени боюнча, президент ар-намысын жаран катары гана коргоого тийиш:

- Баш мыйзамдын 104-беренесинде Башкы прокуратура президенттин ар-намысын коргойт деген милдети жок. Конституция башкы мыйзам, андан жогору турган мыйзам жок. Ошондуктан, "Президенттин ишмердиги тууралуу" мыйзамда Башкы прокуратура президенттин ар-намысын коргойт деп, эски, 2003-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын негизинде жазылып калган. Бул норма 2010-жылы жана былтыр, 2016-жылы өзгөртүлгөн Баш мыйзамда жок. Президент жаран катары гана сотко кайрылууга укуктуу.

Юристтин белгилөөсү боюнча, прокуратура президенттин ар-намысын коргоп бир гана учурда, Жарандык процессуалдык кодексинин 45-беренеси боюнча, эгер мамлекет башчы ден соолугуна, жаш курагына байланыштуу өз ар-намысын, аброюн коргой албаса, анын тикелей өтүнүчү менен сотко кайрыла алат.

Башкы прокуратура "Ата Мекен" партиясынын эки юристин, "Азаттык" радиосун, Zanoza.kg, 24.kg сайттарын "президенттин ар-намысына шек келтирди" деген жүйө менен сотко берген. Соттун аныктамасы менен "Азаттык" радиосунун жана Zanoza.kg сайтынын банктык эсептери камакка алынган. Өткөн аптада юрист Таалайгүл Токтакунова менен журналист Нарын Айыптын мүлкүн камакка алуу тууралуу да соттун аныктамасы чыккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG