Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:29

МАК учак кырсыгы боюнча алгачкы иликтөөсүн жарыялады


Сокулук районунун Дача Су айылындагы авиакырсык учактын командири учуу-конуу тилкеси менен байланыш жок болгондуктан экинчи айлампага кетүү боюнча буйрук бергенден кийин болгон. Бул тууралуу кырсыкты иликтеген Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин (МАК) алдын ала отчетунда айтылат.

Мындан тышкары конуу учурунда капитан байланыш жоктугу тууралуу маалымат айтып, андан кийин "flare автопилот" режимине өтүп, жарым секунддан кийин экинчи айлампага кетүү тууралуу кнопка басылганы катталып калганы жазылган.

«Бул аракет кыймылдаткычтардын ишин күчөткөн, кнопка басылгандан 3,5 секунддан кийин учак кырсыкка кабылган. Ошол кезде учактын ылдамдыгы 165 узелди (саатына 305 чакырымдай ылдамдыкты) түзгөн", - деп белгиленген.

МАКтын эксперттери аэропортко жакын жерлерде курулуштардын эрежеге дал келишин талдоого, мыйзам бузуулар болгон учурда тиешелүү чараларды көрүүгө чакырган. Ошондой эле кыргыз тарапка учуу коопсуздугун жогорулатуу сунушун берди.

16-январда Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына "Боинг-747-400" жүк учагы кулап, 39 адам набыт болгон. Анын отуз беши айыл тургундары, төртөө экипаж мүчөлөрү. Кырсыктан жыйырмадан ашуун үй кыйраган.

XS
SM
MD
LG