Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

УКМК Садыр Жапаровду камады


УКМК алдындагы Садыр Жапаровду коргоо митингинде милиция менен эл тирешти.

Митингчилер милиция кызматкерлери менен тирешип, аларды жарып өтүп имаратка кирүүгө аракеттенди.

Милиция катышуучуларды, анын ичинде укук коргоочу Турсунбек Акунду кармап кетти. Буга нааразы болгондор катуу каршылык көрсөтүп, милицияны таш менен ургулашты.

Митингге чыккандарга каршы газ колдонулуп, УКМК имаратынан формачандар чыкты. Асманга атылган октордун добушу да угулду. УКМК алдында милиция, спецназдын саны көбөйдү.

Айрым катышуучулар элди чагымга алдырбоого чакырышты. Нааразы тарап УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин сыртка чыгышын, Жапаровду бошотууну талап кылышты.

УКМК алдындагы Садыр Жапаровду колдоо митинги учурунда кармалган адамдардын санын так айтуу кыйын экенин ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, кармалгандар Бишкектеги райондук милиция бөлүмдөрүнө жеткирилгенден кийин так маалымат билинет.

Улуттук коопсуздук комитетинин атайын өкүлү Рахат Сулаймановдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, тергөө 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди күчтөп машинеге салып, барымтага алганын аныктаган.

Күбөлөр бул митингди жана андан кийинки мыйзамсыз иштерди Садыр Жапаров уюштурганын, уюлдук телефон аркылуу Каптагаевди бошотпоону буйрук кылганын, "мурда макулдашылган план" боюнча иштөө тууралуу көрсөтмө бергенин айтышкан. Милициянын операциясынан кийин Каптагаев бошотулган:

- Каптагаев түшкөн автоунаа Садыр Жапаровдун бир тууганы Куланбаевге тиешелүү экени аныкталган. Куланбаев Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалып, аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

УКМК 2013-жылдын 7-октябрындагы митингдин максаты облустук акимчиликтин имаратын басып алуу жана Ысык-Көлдөгү абалды туруксуз кылууга багытталганын, Жапаров митингди каржылаганын билдирүүдө.

Үч жыл мурда чет өлкөгө чыгып кеткен оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров 25-март күнү өлкөгө кайтып келерин, УКМК күбө катары суракка чакырганын жарыялаган болчу.

Бишкекте анын жактоочуларынын митинги өтүүдө. “Ата-Журт” партиясынын мурдагы теңтөрагасы Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2012-жылы Кумтөр алтын кенин улутташтыруу боюнча өткөн митинг учурунда башаламандык чыккан. Буга байланыштуу "Ата-Журт" партиясынан депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга айыпталып, бир жарым жылга соттолушкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG