Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:55

Сирия: орус авиациясы козголоңчуларга сокку урду


Орусиянын аба күчтөрү Хама шаарынын четиндеги козголоңчулардын позицияларына сокку урду. Бул тууралуу Reuters агенттиги сириялык аскер кызматкерлерине таянуу менен билдирди.

Маалыматка караганда, орусиялык учактар куралдуу оппозициянын ири чабуулун кайтарууга аракеттенген өкмөттүк күчтөрдү колдоду. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, козголоңчулар Хаманын чет жактарындагы он бир калктуу конушту өз көзөмөлүнө алды.

Сириядагы кагылышуулар БУУнун ортомчулугу менен Женевада тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан маалда күчөдү.

XS
SM
MD
LG