Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Акун: митингде кармалгандарга протокол түзүлүүдө


Бишкектеги УКМК алдындагы митинг маалында кармалгандарды милиция Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө алып барды. Бул тууралуу кармалгандардын бири, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, азыр райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген митингчилердин саны 100-150гө чамалуу.

- Улам-улам алып келип атышат. Бүт баарына протокол түзүп атат. Мага азырынча түзө элек, - деп билдирди Турсунбек Акун.

Бүгүн парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун тарапкерлери аны бошотуу талабы менен атайын кызматтын алдында митингге чыгышып, милиция менен тирешүү болду. Нааразы тарап УКМК имаратына кирүүгө аракеттенди.

Эки ортодо кагылышуу болуп, митингге чыккандарга каршы газ колдонулду, асманга атылган октордун добушу да угулду.

ИИМ тартип бузгандарга эскертүү иретинде асманга ок чыгарылганын, көздөн жаш агызуучу газ колдонгонун билдирди. Ошондой эле кармалган адамдардын санын так айтуу кыйын экенин маалымдады. (NT)

XS
SM
MD
LG